Бишкекте күйөөсү тарабынан токмоктолуп, бирок арыз жазбаган аялдын окуясы: Шектүү сотко жеткирилди

Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү тарабынан токмоктолуп, бирок милицияга арыз жазбаган аялдын күйөөсү сотко жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Аялдын арыздан баш тартканы бул маселе боюнча соттук териштирүүлөр болбойт дегенди билдирбейт. Арыздан баш тартууга байланыштуу материалдар Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми А.Д. аттуу жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 70-беренесинде каралган "үй-бүлөдөгү зомбулук" кылмыш иши боюнча протокол түзүлүп, коргоо ордери чыгарылды. Райондук милиция кызматкерлери ал кишини сотко алып барышты. Эми соттун чечимин күтөбүз, балким, камакка алынышы мүмкүн", - деп жазды ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында күйөөсү аялын башка тепкен видео тараган. Видео 30-январь күнү Бишкектеги Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү жабыркаган жаран милицияга арыз жазуудан баш тарткандыгын билдирген.

Бишкекте күйөөсү аялын сабады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pchelka85
2022-01-31 16:05:45
Бутун сынгыр эшшшек.....
+3
Sajakat14
2022-02-01 16:32:50
Аялы күнөөлүү кечире берген. Бир күнү өлтүрө тээп салып эле ажыратпаса, мындай малдардын аялдары кечиримдүү боло берет. Өзүң сыйлабайт. Ушинтип жүрүп өлүп же инвалид болуп калсаң эмне болот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан