Пекин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча командалык турнирдин уюштуруучулары Орусия менен Украинанын спортчуларын катарлаш отургузууну чечишти. Бул чечимге көптөгөн күйөрмандар жана спорт журналисттери таң калышууда.
Социалдык тармактарда командалар үчүн стенддердин сүрөттөрү пайда болду. Орундар командалык турнирге катышкан коньки тебүүчүлөр үчүн бөлүнгөн. Ал жерден алар упайлардын жарыяланышын күтүшөт.
Сүрөттө көрүнгөндөй, орусиялык спортчулардын оң жагына япондор, сол жагына украиндер, украиндердин сол жагына АКШнын спортчулары отурушат. Ошол эле учурда Украинанын Спорт министрлиги буга чейин спортчуларга орусиялык спортчулар менен чогуу сүрөткө түшпөөнү, ошондой эле орус тилинде интервью бербөөнү сунуштаган.
Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.