«Газпром Кыргызстан» Кыргызстанда ISO 45001:2018 стандартына туура келген сертификациядан өткөн биринчи компания болду. Бул компанияга коопсуздук деңгээлин жогорулатууга бир топ жардам берди.
ISO 45001:2018 — бул жумуш ордунда ден соолукту жана коопсуз эмгекти коргоо боюнча жаңы дүйнөлүк стандарт. Аны 2018-жылы Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм иштеп чыккан. Сертификат кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле сертификатталган компанияга келген адамга өмүрүнө эч коркунуч келтирилбеши тууралуу кепилдик берет.
ISO 45001:2018 стандартынын ден соолукту коргоодогу башка стандарттардан артыкчылыгы:
Кристиан Глезель жана Чарльз Корри ISO 45001 стандартын иштеп чыгуу менен алектенген ИСО/ПК 283 жумушчу тобунун төрагасы жана катчысы:
"Күн сайын өндүрүштө миңдеген адамдар күтүлбөгөн кырсыктардан же жумуш менен байланышкан коркунучтуу оорулардан каза болуп жатышат. Мындай өлүмгө алып келген окуяларды өткөн учурда болтурбаш керек эле жана келечекте алдын алуу керек. ISO 45001 стандарты ушул максаттарга жетүү үчүн иштелип чыккан".