Футболчу Лионель Месси “Алтын бутсанын” ээси болду

Аргентина курама командасынын жана каталондук “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси кечээ, 20-ноябрда европалык бомбардирлерге ыйгарылуучу “Алтын бутса” сыйлыгын алды. Бул тууралуу европалык басылмалар билдирет. 

Маалыматка ылайык, былтыркы сезондо Испаниянын чемпиондугунда 46 гол киргизген аргентиналык футболчу карьерасында 3-ирет “Алтын бутса” менен сыйланды.

“Бул сыйлык өзгөчө болуп эсептелет жана ал биздин команданын акыркы жылдары көрсөткөн ийгиликтеринен кабар берет”,- дейт бул тууралуу 26 жаштагы футболчу.Эске салсак, бул сыйлык Европанын лигаларында эң көп гол киргизген футболчуларга тапшырылат. Сыйлык ээсин аныктоодо Англия, Германия, Испания жана Италиянын лигаларында киргизилген ар бир гол эки упай болуп эсептелинет. Ал эми башка лигаларда катталган голдор 1,5 упайга тете. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shekerbek91
2013-11-21 14:02:09
Dagy dagy iygilikter
0
doni89
2013-11-21 20:17:18
Молодец Дагыда көптөгөн ийгиликтерге жетсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан