Кыргыз футболчу кыздар Тажикстандагы эл аралык турнирде коло медаль утту

Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде коло медаль утту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эл аралык мелдеш Душанбе шаарында өткөн. Ал 21-январдан 28-январга чейин созулган. Мелдешке Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын футзал боюнча кыз-келиндер курама командалары катышкан.

6 беттештин жыйынтыгында Кыргыз футзалчы кыздары 4 упай топтогон. Тактап айтканда, Иран менен Өзбекстандын спортчуларынан 4 оюнда тең утулуп калса, Тажикстандын командасы менен биринчи оюнда тең чыгып, экинчи беттеште жеңишке ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Foxes_CH
2022-02-01 13:39:03
4 команда катышкан турнирде 3чу орун, укмуш ийгиликтуу катышып келишкен турбайбы
+3
nukura_jigit
2022-02-01 13:40:45
Бул 25и жыйынтыкталган турнир.
Супер инфо бир жумадан кийин чыгарып жатат.
Мезгилден артта калба
+2
ayzhan12
2022-02-01 15:00:47
Азаматсынар кыргыздын кыз келиндери, өнүгүп өскүлө, ийгилике жеткиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан