Египеттик футболчу Мохамед Зидан 6 жыл абакка буюрулду

Футбол боюнча Египет курама командасынын мурунку чабуулчусу Мохамед Зидан жасалма чектерди чыгаруу боюнча оозеки түрүндө күнөөлүү деп табылып, 6 жылдык абакта отурууга буюрулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк басылмалар маалымдайт.   Маалыматка ылайык, бул чечим күнөөлүү өзү болбогон абалда  чыгарылды. 31 жаштагы футболчуга карата кылмыш иши 2013-жылдын башында курулуш тармагында иш алып барган компаниянын арызынын негизинде козголгон.

 

Эске салсак, Зидан Египет курама командасы менен 2 ирет Африканын чемпиону аталса (2008, 2010), клубдук карьерасында германиялык “Вердер”, “Гамбурга” жана “Боруссия Дортмунд” командаларында оюн көрсөткөн.

 

Футболчу учурда катардык телеканалдардын биринде эксперт болуп иштейт. Анын футболдук карьерасын жыйынтыктаганы боюнча маалыматтар жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_media
2013-11-21 15:38:02
puyol,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан