Кыргыз футболчулары Беларуста өтө турган "Өнүгүү Кубогуна" катышат (оюндардын жүгүртмөсү)

17 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 6-февралда Минск шаарында старт ала турган "Өнүгүү Кубогу" эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки тайпага бөлүнгөн командалар бир турдук оюндарды өткөзөт. Андан соң тайпалык этаптын жыйынтыгы менен турнирдик жадыбалдагы орундар боюнча финалдык беттештер орун алат.

Кубок үчүн тогуз мамлекеттин өспүрүмдөр курамалары катышат. Алар: Азербайжан, Беларусь, Грузия, Израиль, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Молдова, Тажикстан Өзбекстан жана Беларустун U-16 курамасы.

Башкы машыктыруучу Самат Суймалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз курамасы 5-февралда Минск шаарына сапар алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2022-02-02 10:39:34
Команданын курамын дагы айта кетсенер жакшы болмок Бекназ Алмазбеков деген барат экенби Жана Испанияда жургон Ташиевдин баласы дагы ошолор катышат экенби ошолорду тактап жонотуп койсонуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан