О! Мобилдик оператору Европанын дагы эки оператору менен өнөктөштүк келишимин түздү – эми Бельгиянын Proximus түйүнүндө жана Люксембургдун Tango түйүнүндө роумингдеги 1 мегабайт 1 сом турат.
Чет өлкөдөгү жакындарыңыз жана туугандарыңыз менен өз номеринде байланышта болуңуз. Интернет-роумингде «1 МБ за 1 сом» тарифи төмөнкү өлкөлөрдө төмөндөгү түйүндөрдө да иштейт:
Чет өлкөдө байланышта болуу үчүн азыр акысыз кошуп алыңыз. Кызмат эч кандай абоненттик төлөмдү талап кылбайт, оператордун кеңсесине дагы баруунун кажети жок, акысыз *997# буйрутмасын терүү гана жетиштүү.
«Интернет-роуминг» топтомдору менен сиз дагы 10% үнөмдөйсүз:
О! Мобилдик оператору саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу түрдө пайдалуу жана ыңгайлуу кылууга аракетин жасап келет. Техникалык колдоо күнү-түнү иштейт жана кыргызстандыктарга алар каякта болбосун ырастоолоруна жардам берүүгө даяр. Роумингдеги абоненттер атайын буйрутмаларды терүү менен бардык маселелерди акысыз чече алышат.
Чалуулар, SMS же интернет боюнча суроолор пайда болгон учурда WhatsApp 996 705 700 700 номери боюнча онлайн-кеңеш берүү жеткиликтүү.
Чет өлкөдө жүргөндө Wi-Fi же баланста каражат жок болуп калган учурда, роумингдеги акысыз SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен жакындарыңызга баары жайында экендиги тууралуу кабар бере аласыз.
О! Мобилдик операторунун роуминги чек араларды өчүрөт!
Кошумча маалыматты http://www.o.kg/kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн тапса болот.