Супер фактылар: Өзүнүн салмагынан көп тамак жеген планетадагы эң кичинекей чымчык колибри тууралуу кызыктуу фактылар

Дүйнөдөгү эң кичинекей жана кооз чымчык колибри тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

  • Колибри көбүнесе Американын аймагында байырлайт, дүйнөдө анын 350гө жакын түрү бар;
  • Планетадагы эң кичинекей чымчыктын узундугу 5-22 сантиметрге жетет;
  • Салмагы 2,5 граммдан 7 граммга чейин, эң жеңили кызыл курсактуу колибри, анын салмагы 1,7 граммды түзөт;
  • Колибри Жер планетасындагы артка карай уча алган жалгыз чымчык болуп саналат;
  • Анын жүрөгү денесинин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ээлейт;
  • Эң кызыгы, бул кичинекей канаттуулар күн сайын өзүнүн салмагына караганда көп тамак жейт;
  • Саатына 80 чакырым ылдамдыкта уча алышат;
  • Таң калычтуусу, 1 секунданын ичинде канатын 80 жолу кагат;
  • Колибри учуп баратып азыктанат;
  • Бир сутка ичинде тынымсыз миңден ашуун чакырымды учуп өтө алат;
  • Кызыктуу жагдай, колибрилердин уяларын чоңдугу боюнча жаңгактын жарымы менен салыштырууга болот. Бирок кээ бир уялардын диаметри 20 сантиметрге жетиши мүмкүн;
  • Орточо эсеп менен колибри 9 жыл жашайт (17 жыл жашаган учуру катталган);
  • Колибринин 14-15 моюн омурткасы болот. (Ал эми акыра жана башка сүт эмүүчүлөрдүн 7 гана моюн омурткасы болот);
  • Канаттуунун бул түрү 1 мүнөттүн ичинде 180ден 600гө чейин дем алып, дем чыгарышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munduz2016
2022-02-02 15:04:00
Жүрөк чоң Дв
0
Tursunbaev1978
2022-02-02 16:21:24
1 секундта 80 жолу канатын кагат дегенге ишениш кыйын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан