UFC: Антонина Шевченко Бишкекке келди (фото)

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы, дагы бир UFC мушкери Антонина Шевченко Бишкекке келди. Бул тууралуу мауй-тай федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Антонина Шевченко бүгүн, 2-февраль күнү Бишкектеги "Манас" аэропортуна конгон. Аны апасы жана жакындары тосуп алган.

Антонина Шевченконун бир тууганы Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген. Келгенден кийин мушкер айым Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, Бишкек жана Ош шаарларында күйөрмандары менен жолугууга жетишкен.

Учурда Валентина Шевченко Орусияда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан