Биз социалдык тармакта

Бишкек. Байланышка чыкпай калган 86 жаштагы аялдын жансыз денеси батирден табылды

Бишкекте 86 жаштагы аялдын жансыз денеси өзү жашаган батирден табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, маркумдун сөөгү бүгүн, 2-февралда аныкталды.
Маалым болгондой, куткаруучуларга батир ээси байланышка чыкпай, үйдүн тышкы эшиги ачылбай жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Жерине 4 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачкан учурда батирдин ичинен 86 жаштагы Г.Е. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине, ал эми иш иликтөө кызматына өткөрүлдү", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан