Футбол боюнча Алжир курама командасынын 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна чыгуусун белгилеп жүргөн күйөрмандардан 12 киши өлүп, 240 киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып, дүйнөлүк басылмалар билдирет.Маалыматка ылайык, 19-ноябрь түнү 5 футбол күйөрманы унаанын жолдон чыгып кетүүсүнө байланыштуу көз жумган. Дагы 4 киши түрдүү автокырсыктардын курмандыгы болгон. Калган жарандардын өлүмү боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес. Эске салсак, Алжир-Буркнина-Фасо курама командаларынын беттеши 19-ноябрь түнү өткөн. Анда биринчи беттеште 3:2 эсебинде уттуруп жиберген Алжир жооптук оюнда 1:0 эсебинде утуп, мелдешке жолдомо алган. Муну менен Алжир өз тарыхында Дүйнө чемпиондугуна 4-ирет чыкты.