Таластын "Ынтымак" командасынын мурдагы улакчысы Нурказым Анарбаев каза болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.
"Чыгаан, балбан улакчылардын бири Нурказым Анарбаев каза болду. Анын кыргыз көк бөрүсүнө кошкон салымы чоң тамга менен жазылып кала бермекчи", - деп билдиришти федерациядан.
Нурказым Анарбаев көк бөрүдө "Нүкөн" деген ат менен таанылган. Нурказым Анарбаев көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасында ойногон. Көк бөрүдөгү оюнун жыйынтыктагандан кийин көк бөрү оюндарында калыстык кылып келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурказым Анарбаевдин каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.