Кыргызстандык балбандар бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль тагынышты

Кыргызстандык балбандар Орусиянын Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль тагынышты. Бул тууралуу 21-ноябрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 1 күмүш, үч коло медаль тагынышкан. Күмүш медаль ээси Нурбек Кожобеков болсо, коло ээлери Зиямидин Садыбеков, Урмат Миусадилалиев жана Нестан Кыязова болду.  Кошумчалай кетсек, мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышкан. Командалык эсепте Орусия 1-орунду ээлесе, алдынкы үчтүккө Түркмөнстан жана Өзбекстан командалары кирген. Ал эми Кыргызстан 4-орунду ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aviator
2013-11-21 14:10:05
Азаматсынар. Дагы коп ийгиликтерди жарата бергиле.
0
nusu95
2014-02-02 16:45:00
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан