Кыргызстандык балбан, “Казань-2013” Универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобеков Орусиянын Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу 21-ноябрда Кыргыз бел боо күрөшү федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурбек Кожобеков финалга чейин орусиялык, өзбекстандык жана тажикстандык атаандаштарын уткан. Финалда ал орусиялык Алыбек Капаевге уттуруп жиберди. Кошумчалай кетсек, бул мелдешке чейин 82 килограмм салмак категориясында күрөшүп келген Нурбек Кожобеков бул жолу 90 килограмм салмакта күрөшкөн. Эске салсак, Нурбек Кожобеков быйылкы жылы көрсөткөн ийгиликтеринен улам “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Супер спортчу-2013” наамына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Спортчуларга добуш берүү порталыбызда кызуу жүрүүдө.