Ысык-Көлдө мектептин курулушунан 3 миллион сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган адамдар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектептин курулушунан 3 миллион сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз ыйгарып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Чолпон айылындагы У.Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имаратын куруу иштери боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен "А.С." жана "Т.К." жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда 62 миллион 296 миң 778 сомго подряд келишими түзүлгөн. Ал эми мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген.

Кызмат адамдары подрядчылар менен алдын ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулаткан. Ошондой эле иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишип, 3 миллион 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилен мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан