Режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев менен жубайы төртүнчү ирет ата-эне макамын алышты. Сүйүн мырзанын жубайы 7-февралда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
"Төртүнчү ирет кыздуу болдук. Кызыбыз 3 килограмм 600 грамм салмакта төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Ал эми ысымын Рабия деп коёлу турабыз. Төртүнчү ирет кыз болсо Рабия деп коюш керек экен", - дейт кубанычы менен бөлүшкөн режиссёр.
Сүйүн Откеев менен жубайы Наргиза айым буга чейин Айлин, Назик жана Сумая деген 3 кызды тарбиялап келишкен.