УКМК "Айыл Банктын" бир нече жооптуу кызматкерлерин кармады

100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болгон "Айыл Банктын" бир нече жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылы “Айыл-Банк” "Россиф" жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3 миллион 500 миң доллар (295 миллион 700 миң сом) өлчөмүндө насыя берген.

“Россиф” ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348 миллион 500 миң сомдук мүлк болгону 271 миллион 800 миң сомду түзүп, ортодогу айырма 76 миллион 600 миң сом болгону аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 8-февралда УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл-Банк” ААКсынын бир катар жооптуу кызматкерлери - Ш.У.Ж., С.М.А. жана А.Ж.А. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2022-02-10 11:12:28
Айыл банк чоң корупция
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан