Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу жана капитаны жылдын мыктыларына добуш беришти

Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков жана курама команданын капитаны Вадим Харченко ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” жана “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамдарына талапкер футболчуларга добуш беришти. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курама команданын машыктыруучусу менен капитандын пикири окшош эмес.  Машыктыруучу жана команданын капитаны шарт боюнча бул наамдарга талапкерлерден үчтөн көрсөтүшү керек:

Сергей Дворянков, Кыргызстандын башкы машыктыруучусу.

“Жылдын мыкты футболчусу” наамы боюнча берген добушу: 1. Криштиану Роналду (Португалия), Лионель Месси (Аргентина), Арьен Роббен (Голландия).

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы боюнча берген добушу:   1. Алекс Фергюсон (Шотландия), Висенте Дель Боске (Испания), Юрген Клопп (Германия).

Вадим Харченко, курама  команданын капитаны.  

“Жылдын мыкты футболчусу” наамы боюнча берген добушу: 1. Робин Ван Перси (Голландия), Криштиану Роналду (Португалия), Андреа Пирло (Италия).

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы боюнча берген добушу:  1. Сэр Алекс Фергюсон (Шотландия), Юпп Хайнкес (Германия), Арсен Венгер (Франция).

Эске салсак, учурда ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамына талапкер 23 футболчу жана “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамына талапкер 10 машыктыруучу бар. ФИФАга мүчө болгон курама командалардын машыктыруучуларынын жана капитандарынын добушунун негизинде бул тизмелерде үчтөн гана талапкер калат. Сыйлыктын 3 негизиги талапкери декабрь айында жарыяланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kozer
2013-11-21 18:33:17
Роналду 100% алыш керек
0
Real_Madrid95
2013-11-21 18:53:14
Жылдын мыкты оюнчусу Роналду, Мыкты машыктыруучу Юп Хайнкес
0
kristiano
2013-11-21 19:14:33
Роналду алыш керек
0
namazbek__92
2013-11-21 20:06:34
А мен болсо болокчо добуш бермек элем. Роналду,Месси жана Рибери. а тренерлерден Юрген Клопп,Арсен Венгер жана Юп Хайнкес
0
piter93
2013-11-22 01:18:21
мен Роналдого добуш берем и Арсен Венгер!
0
orxidea10
2013-11-22 06:08:37
ронолдо вперед.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан