Азыркы тапта жер-жерлерде ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчу айымы” жана “Жылдын мыкты айым машыктыруучусу” наамдары боюнча добуш берүү жүрүүдө. Ага ФИФАга мүчө болгон курама командалардын кыз-келиндер курама командаларынын капитандары жана машыктыруучулары катышууда.
КРнын Футбол федерациясы билдиргендей, добуш берүүгө Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Үмөталиева жана капитаны Наргиза Аляева да катышты.
Гүлбара Үмөталиева “Жылдын мыкты айым футболчусу” наамы боюнча япониялык футболчу айымдар Саки Кумагаи, Юки Огими жана америкалык Алекс Морганга добуш берген.
Ал эми Наргиза Аляева тизмеге ушул эле 3 футболчуну киргизди. Болгону, машыктыруучусунан айырмаланып, америкалык Алекс Морганды тизменин алдынкы сабына жазган. Калган 2 орунга япониялыктар Саки Кумагаи жана Юки Огими аттуу футболчулардын ысымын туура көргөн.
Эске салсак, учурда ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты айым футболчусу” наамына талапкер 23 футболчу жана “Жылдын мыкты айым машыктыруучусу” наамына талапкер 10 машыктыруучу бар. ФИФАга мүчө болгон курама командалардын машыктыруучуларынын жана капитандарынын добушунун негизинде бул тизмелерде үчтөн гана талапкер калат. Сыйлыктын негизги 3 талапкери декабрь айында жарыяланат.