Баткенде 67 жаштагы аялдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Баткен облусунда жол кырсыгы катталып, 67 жаштагы аял жеринде каза болду. Дагы 4 адам жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Кадамжай районунун Ноогардан айылында Ауди жана Мерседес Бенц унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1955-жылы туулган Ф.Ы. аттуу аял окуя болгон жерде каза болду.
Ал эми жол кырсыгынан 1988-жылы туулган Д.Р., 1988-жылы туулган Ф.Ү., 1952-жылы туулган Ф.Т., 1952-жылы туулган О.М. жана 2018-жылы туулган жарандар жаракат алып, Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан