Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев жуптукта Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык Теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Данияр индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта кечээ, 21-ноябрда жарым финалда индиялык жуптук Шрирамбалай Нараянасвами жана Раниет Вирали-Муругесанды утуп алды (6:4, 6:4).
Финалдык беттеште бул жуптук дагы бир индиялык жуптук Живан Недунчезян жана Пурав Ражага каршы беттеш өткөрөт.
Эске салсак, мелдештин жекелигинде Данияр Дулдаев 2-айлампада утулуп калган.
Мелдеш Индияда өтүп жатат. Байге фонду 15 000 АКШ доллары.