"Кыргыз футбол союзу" Юридикалык жактардын бирикмеси , "Илбирс" футбол клубу жана "Авиа Траффик Компани" үч тараптуу өнөктөштүк келишимине кол коюшту.
Келишимге КФСтин президенти Медербек Сыдыков, «Илбирс» ФКнын директору Жигитали Утаев бир жылга кол коюшту.
Келишимге ылайык, Avia Traffic компаниясы «Илбирс» футболдук клубуна демөөрчүлүк жардам көрсөтөт. Келишимдин суммасы 300 миң долларды түзөт. Кыргыз футболдук союзу бул макулдашууну ишке ашыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө байкоочу катары милдеттенмелерди өзүнө алган. Ал өз ара мамилелердин негизги принциптерин аныктайт жана футбол клубунун өнүгүү таламдарын козгойт. Келишимге кол коюу «Илбирс» клубунун оюнчуларын колдоодо авиакомпаниянын потенциалын толук пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү маанилүү окуя болуп саналат.
Белгилей кетсек, ата мекендик компания буга чейин Кыргызстандын Премьер Лигасында ойноп жаткан жаш жана келечектүү командага колдоо көрсөтүүнү чечкен. Avia Traffic Company ФК "Илбирстин" башкы өнөктөшү болуп калды.
"Үч тараптуу макулдашууларды түзүү практикасы маселелерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Avia Traffic Company компаниясы «Илбирс» футбол клубуна жардам берүүгө даяр экенин билдирип, ата мекендик футболду өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы бизди кубандырат. Үч тараптуу макулдашууга кол коюу мындан аркы кызматташуу жана жемиштүү иш үчүн бекем негиз болоруна ишенем. Авиакомпаниянын демилгеси футболубуздун гүлдөп-өсүшүнө жана ата мекендик оюнчулардын профессионалдык чеберчилигин өнүктүрүүгө салым кошууну каалаган башка меценаттар үчүн жакшы үлгү болот деп ишенебиз”,- деди КФСтин президенти Медербек Сыдыков.