"Пекин-2022": Норвегия медалдардын саны боюнча алдыда келүүдө (тизме)

Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында Норвегия медалдардын саны боюнча алдыда келүүдө.

Бүгүн, 17-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 14:45ке карата Норвегия 13 алтын, 7 күмүш, 8 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунда Германия 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалы менен жайгашса, үчүнчүдө АКШ курамасы 8 алтын, 8 күмүш жана 4 коло медалы менен келе жатат.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Максим Гордеев катышты. Ал слалом боюнча кечээ, 16-февраль күнү жарышка түшүп, финишке жетпей калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан