Кыргызстандык Жаңыл Сагынбекова тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугунда жаштар арасында чемпион аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бүгүн, 22-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаңыл Сагынбекова алтын, Муратали Исмоилов күмүш медаль тагынышты. Түрдүү категориялар боюнча Лязат Райымбекова, Темирлан Нурбек уулу жана Айгерим Адил кызы коло медалга ээ болушту.
Эске салсак, кечээ кыргызстандык Анарбек Жамакеев мелдештин бүтөрүнө бир тур калганда чемпион аталган.
Мелдешке Кыргызстандын атынан 36 спортчу аттанган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттеринен келген 105 спортчу катышууда.