"Пекин-2022": Орусия Олимпиададагы дүйнөлүк рекордунан ажыратылышы мүмкүн

Эл аралык коньки тебүү союзу (ISU) эгер орусиялык 15 жаштагы спортчу Камила Валиева Пекинде өтүп жаткан Олимпиадада көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылай турган болсо, муну карап чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Эгерде Валиева дүйнөлүк рекордду жаңылай турган болсо, анын көрсөткүчү кайра каралат", - деген Эл аралык коньки тебүү союзундагы булактар.

Азыркы учурда аялдардын жекелик таймашында дүйнөлүк үч рекорд тең Валиевага таандык. Алар: кыска программада - 90,45 упай, эркин программада - 185,29 упай, эки прокаттын жыйынтыгы боюнча 272,71 упай.

2022-жылкы Олимпиаданын кыска программасында Камила Валиева эң жакшы жыйынтыкты көрсөттү (82,16 упай). Аялдардын эркин программасы бүгүн, 17-февралда көрсөтүлөт.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2022-02-17 16:07:22
Рекорд койсо мээнети. Биринчи болуп кетет деп ичтери отуп жатат булардын. Мисалы норвегиялык бир тууган BOE'лер катар катар алтын, кумуш медалдарды алып жатат. 2-2тон алтын медаль уткандар бар. Эми Валиева 2-алтын медал утса эле туура эмес болуп калат бекен? Дооруй беришет.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан