Франция курама командасынын жана мюнхендик “Бавариянын” жарым коргоочусу Франк Рибери жаракатынан улам Германиянын чемпиондугунун 13-турунда дортмунддук “Боруссияга” каршы оюнга чыга албайт. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда мюнхендик “Бавариянын” расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Франк Рибери Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда 19-ноябрда Украина менен болгон оюнда кабыргасын кокустатып алган. Футболчу 2 аптага барып калыпка келиши мүмкүн дешүүдө.
Рибери ойногон мюнхендик клуб лигадагы негизги атаандашы “Боруссия” менен 23-ноябрда Дортмунд шаарында ойнойт.
Эске салсак, 30 жаштагы француз футболчусу учурда ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамына көрсөтүлүүдө.