Сокулук районунда 3 жаштагы ымыркай күйүктөн алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 15-февралда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринен денесинен 80 пайыз күйүк алган бала тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай ошол эле күнү кечинде чарчап калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жылыткычтан күйүк алган.
Учурда бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды.