"Пекин-2022": 60 адамдын кайтаруусундагы Камила Валиева Москвага учуп кетти

Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында допинг чырына кабылган орусиялык 15 жаштагы көркөм муз тебүүчү Камила Валиева Москвага учуп кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Валиева отурган учак бүгүн, 18-февраль күнү Пекинден Москваны көздөй учуп чыккан. Учак Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна конот.

Буга чейин допингге шектелген Камила Валиеванын Олимпиададагы коопсуздугун камсыздоо үчүн 60 адам дайындалганы кабарланган.

Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эми 14-февралда Спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын Олимпиададагы жүрүшүн улантууга уруксат берген. Кийинчерээк Эл аралык Олимпиада комитети Камила Валиеванын денесине допинг чоң атасы колдонгон азык-түлүк аркылуу киргендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан