Каратэ-до боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргойт

Каратэ-до боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган Кыргызстан курама командасынын курамында 13 спортчу бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда КРнын Каратэ-до федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13 спортчунун ичинен Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан курамга экиден спортчу кирген. Калган 9 спортчу бишкектик клубдун өкүлдөрү.

Алар Азия чемпиондугунда жаш курактарына жараша 3 категорияда күч сынашышат (14-15 жаштагылар арасында, 16-17 жаштагылар арасында жана 18 жаштан жогорку).

Эске салсак, Азия чемпиондугу 28-ноябрдан 7-декабрга чейин Дубай шаарында өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан