Акжол Махмудов Болгарияда өтүп жаткан эл аралык мелдештин жарым финалында утулуп калды

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Болгарияда өтүп жаткан эл аралык мелдештин жарым финалында утулуп калды.

Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканян менен күрөшүп, беттеш 4:2 эсеби менен аяктады.

Күрөштүн биринчи бөлүгүндө балбандар бирден упай алды. Экинчи бөлүктө Мнацаканян кыргыз балбанын партерден көтөрүп, эки упайга ээ болду. Бирок каршылашы көтөргөндө Акжол аны басып жыгылып, чийинден сыртка сүрүп чыкты, ушул жерде калыстар талаштуу чечим кабыл алып, кыргыз балбанына 1 гана упай берди.

Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтүп жаткан "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турнири 17-февралда башталган, бүгүн, 20-февралда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан