Болгарияда өтүп жаткан "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турниринде Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Андан сырткары Жоламан Шаршенбеков менен Марлен Асикеев да коло байгеге ээ болушту.
Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтүп жаткан "Dan Kolov - Nikola Petrov" эл аралык турнири 17-февралда башталган, бүгүн, 20-февралда жыйынтыкталат.
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Болгарияда өтүп жаткан эл аралык мелдештин жарым финалында жеңилүү ызасын тартты.