Мария Шарапова жаңы машыктыруучу менен иштешүүгө өттү

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова кечээ, 21-ноябрда социалдык тармактар аркылуу жаңы машыктыруучу менен иштешүүгө өткөнүн жар салды.

Теннисчи өзү билдиргендей, ал голландиялык машыктыруучу Свен Гренефельд менен келишимге барды.

Эске салсак, Шарапова ушул жылдын август айында америкалык Жимми Коннорс менен иштешүүгө чекит койгон. Андан бир ай мурун ал швециялык машыктыруучу Томас Хогстедт менен 2 жылдык кызматташуудан кийин коштошкон.

Мария Шарапованын жаңы машыктыруучусу Гренефельд 1990-жылдан тарта машыктыруучулук менен алектенет. Голландиялык адис ар кайсы жылдары Моника Селеш, Мари Пирс, Ана Иванович, Каролин Возняцки сыяктуу теннис жылдыздарын машыктырган.

Мария Шарапова акыркы мелдешине 2013-жылдын август айында катышкан. Жаракатынан улам АКШнын Ачык чемпиондугун өткөрүп жиберди.

Учурда теннисчи WTA`нын (Айымдар теннис ассоциациясы) рейтингинде 4-орунда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан