Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы өспүрүмдөрдү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу аныкталды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 18-февралда эртең мененки саат 07:20 чамасында катталган.
Анда Сокулук районундагы Фрунзе көчөсүнөн Б.Я. жана Т.К. аттуу өспүрүмдөрдү Тойота-Лендкрузер 100 унаасынын айдоочусу сүзүп, жеринен качып кеткен. 15 жаштагы балдар алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жол тандабастын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы айдоочу ошол күнү мас абалда болгонун көрсөттү. Учурда териштирүү амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.