Калыстар футболдук майданда ышкырык, кызыл жана сары түстөгү айып кагаздарынан башка дагы бир “курал” колдонууга өтүшү мүмкүн. Бул - боёк чачыратуучу баллон. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кечээ, 21-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, ФИФА "боёк чачыратуучу баллондорду ушул жылдын декабрь айында Мароккодо өтүүчү клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда калыстар колдоно берсе болот" дейт.
Калыстар баллондордун жардамы менен айып соккуларын аткарылуучу чекитти жана сокку аткарылар алдында оюнчулар турчу чекитти так белгилеп берет.
Бул ыкманы ФИФА быйыл 17 жана 20 жашка чейинки футболчулар арасындагы Дүйнө чемпиондуктарында текшерип көрүштү. Текшерүү ийгиликтүү чыкканы маалымдалды.
Эске салсак, боёк менен топ жана оюнчулар турчу чекитти белгилөө Түштүк Америкада көп убакыттан бери колдонулуп келет. ФИФА бул ыкманы эми гана колдонууну туура көрүп жатат.