Ош шаарында 28-30-ноябрь аралыгында волейбол боюнча республиканын түштүк регионунун клубдары арасындагы биринчилигинин алгачкы тур оюндары өтөт. Бул тууралуу бүгүн , 22-ноябрда КРнын Волейбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Ош шаарынан “Ош Бажы”, “Жаш күч”, “Тримэкс ОшМУ”, “Дархан ОшТУ” жана Жалал-Абад облусунан “Динамо УВД” командалары катышышат.
Мелдеште бардык командалар бири-бири менен тегиз ойноп чыгышат. Мелдештин 2-туру декабрь айынын аягына белгиленген.