Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, Европанын 2 жолку чемпиону жана Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча 26-ирет өткөрүлүп жаткан Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, мелдештин акыркы күнү уландар арасында 6 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Чемпиондордун тизмеси:
Улан Жакишев (69 килограмм салмакта )
Жалил Жапаров (77 килограмм)
Курсант Толонов (85 килограмм)
Азамат Эмилов (94 килограмм)
Вячеслав Шайнуров (105 килограмм)
Сергей Долгалёв (105 килограммдан жогорку салмак категориясы).