Бүгүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күндүн урматына мырзалар тууралуу кызыктуу фактыларды тизмектеп көрдүк.
- Статистикага караганда, эркектер өмүрүндө 8 килограммга жакын помада жейт;
- Эркектердин териси аялдардыкына салыштырмалуу калың болот. Теринин мындай түрү картаюу процессин жайлатат;
- Бийик такалуу бут кийимди биринчи монгол эркектери кийишкен. Така бутту үзөңгүгө бекем турууга жардам берген;
- Эркектердин жүрөгү аялдардыкына салыштырмалуу жай согот;
- Эркектердин кан көлөмү аялдардыкына салыштырмалуу көбүрөөк болот;
- Эркектер аялдарга караганда тезирээк арыктайт;
- Эркектин дене табы аялдыкына салыштырмалуу жогору болот. Андыктан, суук мезгилде аларды "жылыткыч" катары бекем кучактап алсаңыз болот;
- Эркектердин кулагы жогорку жыштыктагы үндөрдү азыраак кабыл алат;
- Эркектердин тилинде даам татуу рецепторлору азыраак болот;
- Эркектердин денесинде да сүт өндүрүүгө өбөлгө болгон пролоктин гормону бар. Эгер ал гормон жогорулап кетсе, эркектерде да сүт пайда болот.