Улуу Британиянын премьер-министри Чемпиондор Лигасынын финалын Санкт-Петербургда өткөрүүгө каршы чыкты

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусияга Чемпиондор Лигасынын финалы сыяктуу футболдук иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбеши керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды

Маалыматка ылайык, Улуу Британия май айында Санкт-Петербургда өтүүчү Чемпиондор Лигасынын финалы өтө турган жерди тиешелүү башкаруу органдары менен талкуулайт.

"Мен Орусия эгемендүү өлкөгө коркунуч жаратып жаткандан бул өлкөдө ири эл аралык футбол турнирлерин өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептейм", - деген Жонсон.

Ал эми Улуу Британиянын спорт министри Надин Доррис Улуу Британия бул маселени футбол жыйындарында көтөрөрүн билдирген.

Буга чейин Украина менен Орусиянын ортосунда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу УЕФА уюму Чемпиондор Лигасынын финалын Санкт-Петербург шаарынан Лондон шаарына жылдырышы мүмкүн экендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2022-02-23 11:29:57
Баткенде эле өткөргүлөчү
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан