УКМК: "ИИМдин кызматкерлери пара талап кылганга шектелип кармалды"

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты тастыкталып, 2022-жылдын 22-февралында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ш.У. жана А.У. пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан