Теннисчи Данияр Дулдаев Индиядагы эл аралык мелдештин жуптугунда финалда утулду

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы эл аралык мелдештин финалында утулуп калышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Данияр&Карунудай Сингх жуптугу бүгүн, 22-ноябрда финалда Живан Недунчезян&Пурав Ража индиялык жуптугуна каршы беттеш өткөрүп, 2 сеттин жыйынтыгында утулуп калышты (6:3, 6:3).

 Ушуну менен Данияр Дулдаев бул мелдештин эшигин жапты. Эске салсак, ал мелдештин жекелигинде 2-айлампада утулуп калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан