Бүгүн, 27-февралда Түркияда өтүп жаткан рейтингдик Яшар Догу турниринде эркин күрөш боюнча мелдештер башталат.
Бүгүнкү мелдеште Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон Эрназар Акматалиев баштаган 9 кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат. Бүгүн килем үстүнө чыга турган балбандардын тизмеси:
57 килограмм салмакта: Алмаз Сманбеков;
61 кг: Улукбек Жолдошбеков;
65 кг: Икромжон Хаджимуродов;
70 кг: Эрназар Акматалиев;
74 кг: Исламбек Орозбеков;
79 кг: Арсалан Будажапов;
86 кг: Нуртилек Карыпбаев, Саякбай Усупов;
92 кг: Мирлан Чыныбеков.
Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.