Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз тилдүү Ойло бот агартуучу чат боту иштелип чыкты. Чат бот жаштарга психология, физиология, ден соолук, сексуалдык, мамилелер, үй-бүлѳ темаларында өспүрүмдөргө онлайн кеңеш берет. Жасалма интеллект менен маектешүү толугу менен анонимдүү.
Ойло бот ѳспүрүмдѳр ата-энелеринен же мугалимдеринен маалымат алуудан тартынган учурларда аларга профессионалдар тарабынан тастыкталган маалымат берүү максатында иштелип чыккан. Боттун жоопторунун базасы врачтар, психологдор жана юристтерден турган эксперттердин тобу тарабынан түзүлдү.
Гуляим Айылчы, Ойло бот долбоорунун куратору: “Кыргызстанда жыныстык тарбиялоо маселеси абдан эле курч бойдон калууда. Эрте кош бойлуулук, сексуалдык зомбулук же ѳспүрүмдүк тынчсыздануу абалдары кѳбүнчѳ ѳз укуктарын билбегендиктен, ошондой эле медициналык жана психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам келип чыгууда. Ойло ботту иштеп чыгуубузга түрткү болгон негизги кѳйгѳй – бул сексуалдык билим темасында кыргыз тилиндеги туура жана так маалыматтын жоктугу. Биздин чат-бот бул кѳйгѳйдү чечүүгѳ жардам берет – ал күндө 24 саат бою жеткиликтүү, жалгыз гана Интернет жана Телеграм аккаунту болууга тийиш. Ойлонун жардамы аркылуу ѳспүрүмдѳр менен жаштар керектүү колдоого жана билимдерге ээ боло алат деп ишенебиз”.
Ойло виртуалдуу маектеш колдонуучуларга эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жооп берет.
Нейрондук тармактарды колдонуу 21-кылымдын эффективдүү билим берүү, анын ичинде ден соолук жана бейпилдик боюнча билим берүү тенденцияларынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндѳ чат-боттор абдан популярдуу, аларды телефонго кѳчүрүүнүн зарылдыгы болбогону үчүн алар телефондогу кошумча эстутум талап кылбайт. Азыр дүйнѳ жүзү боюнча ар кандай чѳйрѳлѳрдѳ – үйдѳгү жана үй-бүлѳлүк зомбулуктун алдын алуу, контрацепция каражаттарын колдонуу, психологиялык жардам кѳрсѳтүү багыттарында жардам берген чат-боттор иштейт. Маселен, “Hello, Сaas” чат-боту Австралияда жашаган айымдарга арналып, алар смс аркылуу үйдѳгү зомбулук боюнча жардам сурап кайрыла алышат. Түштүк Африкада жана Индияда “Big sis” чат-боту иштеп, жаш кыздарды кызыктырган ыӊгайсыз суроолорго жооп берет. “Big sis” чат-бот түзүлгѳндѳн баштап миллиондон ашык билдирүүнү кабыл алган.
Жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана окутуу иши түзүүчүлѳрдүн командасы – UNESCO IITE, «Бишкек феминисттик демилгелери» коомдук бирикмеси, техникалык иштеп чыгуучулар тобу жана дарыгерлер, психологдор жана юристтерден турган эксперттер тобу тарабынан жүргүзүлѳт.
Ойлого суроо берүү: https://t.me/oilo_bot
Сайт: http://oilobot.info/
Инстаграмга шилтеме: https://www.instagram.com/oilobot/ же mention @oilobot