Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков 25-26-февраль күндөрү Минск шаарында өткөн Беларусь өлкөсүнүн чемпиондугуна катышып, эки медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр жана 3000 метр аралыктарында 2-орунду ээлеген.
1500 метр аралыкта (3:46:50) жана 3000 метр аралыкта (7:57:61) жыйынтыгы менен Нурсултан Кеңешбеков өлкө рекордун жаңылаган.
Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд 1500 метр аралыкта 3:49:60 (2021-жыл) жана 3000 метр аралыкта 8:08:51 (2004-жыл) болгон.