Ош облусунун Өзгөн районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Учурда окуя боюнча териштирүү амалдары жүрүп жатат дешти облустук ички иштер башкармалыгынан.
Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 27-февралда саат 23:35 чамасында Жылалды айылында 23 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүндө табылганы тууралуу кабар түшкөн.
"Окуя болгон жерге райондук жана облустук ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү болгон. Анда Өзгөн районунун Жылалды айылынын 23 жаштагы тургуну К.уулу Б. киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, 122-беренеде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголду. Кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Маркумдун үйүнөн эмне уурдалганы такталууда", - дешти мекемеден.