"Дааратканада 3 жолу зордуктады, мейманканада зордуктады". Ошто зордукталдым делген 19 жаштагы кыздын камакка алынышы. Сот өкүм чыгарды

Ошто мурда милиция кызматында иштеп кеткен жаран мени зордуктады деген кыздын иши боюнча тергөө учурунда кыздын зордукталбаганы аныкталып, кийин жалган маалымат тараткандыгы үчүн камакка алынган 19 жаштагы Х. кызы К. эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучуга сот өкүмү кечээ, 1-март күнү чыккан.

"Айыпталуучу жалган маалымат тараткандыгы үчүн 2 жылга эркинен ажыратылып, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде бир жылдык пробациялык көзөмөл менен бошотулду", - деп билдиришти Ош шаардык сотунан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында кыз түнкү клубда мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен адам менен таанышып, андан кийин экөө мейманканага баргандыгы кабарланган. Кыздын айтымында, ал анын эркине каршы зордуктаган.

Андан кийин жалган маалымат бергендиги үчүн зордукталды делген кыздын өзү кармалгандыгын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген. Кийинчерээк Ош шаардык ички иштер башкармалыгы анын кармалышы боюнча толугураак маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан