Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо WBO версиясы боюнча континенттер аралык чемпион аталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Макао шаарында 67 килограмм салмак категориясында өткөн беттеште Мэнни Пакьяо беттеш америкалык Брэндон Риосту упай айырмачылыгында жеңип алды.
Эске салсак, жыл ичинде Мэнни америкалык Тимоти Брэдлиге упай айырмачылыгында, мексикалык Хуан Мануэль Маркеске нокаут менен жеңилген эле.
“Бул беттеш Пакьяону профессионалдык бокско кайтарып келди. Бул жолу да жеңилсе, ал карьерасын жыйыштырмак”,- дейт мушкердин машыктыруучусу Фредди Роуч.