Акыркы суткада республикада 12 өрт кырсыгы катталды. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Анын айтымында, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Бишкек шаарында 4 өрт кырсыгы болгон. Өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак жай үйлөрүндөгү мештердин жана электр плиталарынын туура эмес колдонулушунан келип чыккан.