Бишкектеги “Шаардык муз аянтчасында” муз үстүндө бийлөө боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган аянтчанын администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда жыйынтыкталган мелдешке 45 спортчу жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 9 тайпага бөлүнүп жарышышты.
Жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнгөн тайпаларда Виктория Мищенко, Наталья Семенова, Диана Сансызбаева, Милана Мамбеталиева, Диера Насирханова, Елизавета Голинко, Данил Светличный, Кубат Жүндүбаев жана Марс Жүндүбаевдер чемпион аталышты.