Бишкекте эки адамды өлтүргөн 16 жаштагы бала кармалды

Бишкек шаарында эки адамды өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу 25-ноябрда Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Буга чейин Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97- “адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөөлөр жүрүп жаткан. 
Маалыматка ылайык, борбордун Наманган көчөсүндө жайгашкан  үйлөрдүн биринен 46 жаштагы Г.Елена менен 41 жаштагы П.Виктордун сөөгү табылган. Окуя болгон күнү каза болгондордун үйүндө достору чогулуп спирт ичимдиктерин ичишкен. Кечинде чогулгандардын жарымы тарап, жарымы ошол үйдө түнөшкөн. Эртең менен баласы Г.Максим менен келини маркумдардын сөөгүн табышкан. 
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Чүй облусунун тургуну, 16 жаштагы Н.Данияр кармалды. Данияр каза болгон Г.Еленанын баласы менен достошуп, булардын үйүнө келип жүргөн. Кылмыш болгон күнү мас абалында Г.Виктор менен пикир келишпестик чыккан. Ал эл тараганда  уктап жаткан Г.Викторду бычактаган. Ызы-чуудан ойгонгон аялын да өлтүрүп, үйдөн чыгып кеткен. Азыркы тапта иликтөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Asus84
2013-11-25 11:43:50
16 жаштагы бала мына сага заманан кууруду кошмар
0
aziza.jusupova
2013-11-25 12:57:23
Daaa kayda bara jatabyz?
0
ma4ak
2013-11-25 13:08:22
ооой боой жүрөк тоо экенда кантип өлтүрүп койду экен а. заман эмес адам бузулуп атат
0
dina777
2013-11-25 14:39:51
ma4ak, туура айттыныз.
0
Gulzhan
2013-11-25 15:16:05
Бешиктен бели чыкпай жатып,оор кылмыш жасаса,келечеги эмне болот.
0
Shekerbek
2013-11-25 17:15:54
келечеги темир тор да
0
Boru87
2013-11-25 19:28:55
оо башынды жегир!!!!!
0
piter93
2013-11-25 19:29:47
аганы коруп ини осот... ежени коруп синди осот деп бекеринен айтылган емес. биздин патриотторду коруп чонойуп жатат да бул даа молодец кыргызстандын алдынкы зектеринен бол
+1
Agent-02
2013-11-25 20:37:30
Шайтанга азгырылган дагы бир жаш жигит
0
Akbera92
2013-11-26 10:30:38
Ичимдиктин аркасы эч качан жакшылыка алып барбайтго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан